Биз менен байланышыңыз

Активисттер Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан камакта калтырылды (видео)

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 158 | 0

Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасын кароону улантты.

Жарандык активисттер Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан 20-июнга чейин камакта калтырылды.

Эртең, 18-апрелде укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралат.

Райондук сот 12-апрелдеги чечими менен аябактагы аялдарды үй камагына чыгарган.

Саясатчы, активист жана блогерлер былтыр 23-октябрда массалык башаламандык уюштурууга айыпталып кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Copyright © 2017 Maral FM