Биз менен байланышыңыз

УКМК: 10 салык кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 381 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, салык кызматкерлери ишкерлер менен тымызын сүйлөшүп алышып, салыктын эсебин 100 млн сомдон ашык суммага атайылап азайтышкан.

Фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш козголуп, 10 инспектор камакка алынган.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды кармоо, мамлекетке келтирилген зыянды так аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканы, кошумча маалымат берилери кабарланды.

Мамлекеттик салык кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM