Биз менен байланышыңыз

«Мыйзамдын коомго таасири аныкталгандан кийин гана жалпы кароого чыгышы керек»

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 187 | 0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги тармактык комитеттердин төрагалары менен жыйын өткөрдү. Жыйынга президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов да катышты.

Мыйзамдарды кабыл алууда комитеттердин ролу жогору экенин белгилеген Нурланбек Шакиев ар бир мыйзам долбоору комитеттерде терең изилденип, коомго тийгизген таасири так аныкталгандан кийин гана жалпы кароого чыгарылышы керектигин белгиледи.

Жыйында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова жакынкы аралыкта Акыйкатчынын отчёту караларын маалымадады.

Эскерте кетсек, азыркы тапта парламентте 8 тармактык комитет иш алып барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM