Биз менен байланышыңыз

ИИМ: соцтармакта кылмыш жөнүндө жалган маалымат тараткандар көбөйдү

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 238 | 0

Ички иштер министрлиги акыркы убакта социалдык тармактар аркылуу кылмыш жөнүндө жалган маалымат тараткандар көбөйгөнүн билдирди.

«Тактап айтканда, социалдык тармактарда тараган видеодо жаш кыздын сабалып жатканы кызуу талкууга алынып, ар кандай пикирлерди жаратууда. Жогорудагы окуя биздин өлкөдө эмес, башка мамлекеттин аймагында катталып, видеого тартылган. Жарандарды коомчулукка ызы-чуу салган ар кандай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат тараткан адам Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен жоопко тартылат.

Ага чейин интернетте окуучу кыз классташын мыкаачылык менен сабап жаткан видео тарап, талкууга алынган. Ички иштер министрлиги ал фейк экенин расмий кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM