Биз менен байланышыңыз

Малайзия кыргызстандык абитуриенттер үчүн 20 бюджеттик орун бөлдү

Кыска кабар | 17 Апр 2023 | 242 | 0

Малайзиянын алдыңкы университеттеринин бири кыргызстандык абитуриенттер үчүн 20 бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу «Логос» компаниясынын директору Алтынбек Бегалиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, академиялык жогорку жетишкендиктерге ээ болгон студенттер үчүн билим алуу акысыз, алар болгону жеке чыгымдарына жана тамак-ашына кеткен каражатты төлөйт.

«Университет студенттик жана академиялык алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдүн алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташууну көздөйт. Бүгүн кыргызстандык эки жогорку окуу жай менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда. Алар: Кыргыз улуттук университети жана Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы», — деди ал.

Xiamen University Malaysia Малайзиядагы эң алдыңкы университеттердин бири жана Кытайдын мыкты жогорку окуу жайларынын кампусу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM