Биз менен байланышыңыз

Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет

Кыска кабар | 16 Апр 2023 | 223 | 0

Кадыр түн быйыл 17-апрелден 18-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан биргелешип кабыл алышкан.

Орозо айы 23-мартта башталып, 21-апрелде аяктайт. Ал 30 күнгө созулат. 22-апрель — Орозо айт. 17-апрелден 18-апрелге караган түн — Кадыр түн.

Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM