Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Кыска кабар | 16 Апр 2023 | 176 | 0

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Кыргызстан Газпром» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев-Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштерине байланыштуу Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумба, Владимировск көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Кыргызстан Газпром» ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM