Биз менен байланышыңыз

17-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Апр 2023 | 1144 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей эртең, 17-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Эртеңден баштап күн сууктап, 19-апрелден баштап күн ачылат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +8…+13;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…+6, күндүз +11…+16;

Нарын аймагында түнкүсүн 1…+6, күндүз +10…+15 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күндүн табы түнкүсүн +5…+7, күндүз +10…+12 градуска жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM