Биз менен байланышыңыз

Сузакта «Социалдык контракт» долбоорунун экинчи этабы башталды

Кыска кабар | 16 Апр 2023 | 163 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, социалдык жардам алууга келишим түзгөн 805 алуучулардын арасынан 250 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Бул иш чарага Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев, Айбек Маткеримов жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева катышты.

Быйыл 10 миң үй-бүлөгө социалдык жөлөкпул берилет. Өткөн жылы 2800 үй-бүлөгө берилген болчу. Контракт гранттык негизде 100 миң сом алууга укук берет жана үч жылга түзүлөт.

Социалдык жардамды колунда жок үй-бүлөлөр, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун 16 жашка чейинки балдарына 1200 сомдон алган жарандар алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM