Биз менен байланышыңыз

Президент православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 16 Апр 2023 | 152 | 0

Президент Кыргызстандагы православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады.

Садыр Жапаров өз куттуктоосунда, жалпы  православ христиандарын Пасха күнү менен куттуктап, бул күнү жакын туугандарына, досторуна зыярат кылуу, белек-бечкек берүү, мамиле кылуу, эски таарынычтарды кечирүү салтка айланганын эске салды.

«Бул жаркын майрам тууган-туушкандардын жана достордун чөйрөсүндө достук маанайды жаратып, бакыт жана кубаныч сезимин пайда кылат. Пасха майрамында сиздерге үмүт-тилектериңиздин жана жакшы демилгелериңиздин аткарылышын, жан дүйнө тынчтыгын жана бейпилдик каалайм. Кереметтүү Кыргызстаныбызда ар түрдүү диндердин жана конфессиялардын түшүнүшүү жана сыйлоо менен жашоосуна шарт тузүлгөн. Өлкө дайыма конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө аракет кылат», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM