Биз менен байланышыңыз

Токтогулда жол кырсыгынан беш мугалим жабыркап, бирөө каза болду

Кыска кабар | 16 Апр 2023 | 497 | 0

Токтогул районундагы Кубат Чокоев атындагы орто мектептин мугалимдери жол кырсыгына учурап, бир мугалим каза болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-апрелде болгон жол кырсыктын кесепетинен математика мугалими Сүйүнбү Момунбаева көз жумган. Андан тышкары, беш мугалим ооруканага жаткарылыган.

Министрликтин маалыматы боюнча, ооруканага жаткырылгандардын экөөнүн абалы оор, үч адам хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Министрликтен белгилешкендей, кырсыкка кабылгандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM