Биз менен байланышыңыз

Кырсыктан күйүк алган медайымга саламаттык сактоо министрлиги жардам берет

Кыска кабар | 16 Апр 2023 | 137 | 0

15-апрелде Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бир жыл мурун унаа жарылып, күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту.

Жолугушууда министр медайым менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, Саламаттык сактоо министрлиги колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Министр борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан медайымга операция үчүн акчалай жардам берип, сакайып кетишине тилектиштигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM