Биз менен байланышыңыз

Германиянын Knauf компаниясы Кыргызстандын түштүгүндө гипс чыгаруучу завод курат

Кыска кабар | 16 Апр 2023 | 1120 | 0

Дүйнөгө белгилүү курулуш материалдарын өндүрүүчү Германиянын Knauf компаниясы Кыргызстанда гипс заводун куруу үчүн өлкөнүн түштүк аймагын тандап алды. Бул тууралуу Германиянын Knauf компаниясынын КМШ боюнча ыйгарым укуктуу директору Александр Блюмгардт минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен болгон жолугушууда билдирди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Блюмгардт Кыргызстанга инвестиция тартууга даяр экенин, ошондой эле курулуш тармагы, өзгөчө курулуш материалдарын өндүрүү абдан кызыктырганын билдирди.

«Биз рынокту изилдеп, курулуш материалдарын чыгаруучу заводду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аны өлкөнүн түштүгүндө курууну чечтик. Азыр ал жердеги гипс кендерин изилдеп жатабыз. Заводдун курулушу жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү калктын бакубаттуулугун гана жакшыртпастан, жалпы аймактын өнүгүшүнө кошумча түрткү берет», — деди Knauf компаниясынын өкүлү.

Бакыт Төрөбаев өз кезегинде германиялык ишкерлер сунуштаган Кыргызстандын аймагында автотранспорттук тейлөө борборун куруу боюнча долбоор колдоого алынарын билдирди.

Ошондой эле германиялык ишкерлер менен жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын сертификациялоочу лабораторияны түзүү жана туризм тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM