Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Сайма — 2023» кол өнөрчүлүк фестивалы өтүп жатат (сүрөт)

Кыска кабар | 15 Апр 2023 | 176 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы өтүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара «Кийиз дүйнө» коомдук фонду тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым кошуп, кыргыздын байыртан бери келе жаткан сайма өнөрүн аздектеген алдыңкы уз-чеберлерге «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды.

Министр өз сөзүндө «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун иш-аракеттери колдоого жана баалоого татыктуу экенин белгиледи.

«Кийиз дүйнө» коомдук фондунун директору Айдай Асангулова иш-чараны уюштурууну колдоого алган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу , баалуулугун артыруу, бул өнөрдү алып жүргөн кол өнөрчүлөрдү шыктандыруу экенин билгиледи.

Бекитилген жобого ылайык, «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM