Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарына асфальт-бетон заводу курулары айтылды

Кыска кабар | 15 Апр 2023 | 151 | 0

Нарын шаарынын четине асфальт-бетон заводу курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, завод шаардын тегеригиндеги жолдорго төшөлө турган асфальттарга байланыштуу курулат.

Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылы Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчөгө асфальт төшөлөрү маалымдалган. Ошондой эле быйыл жалпы Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган. Мындан тышкары, учурда Нарын аэропортунун жолдору курулууда.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкө боюнча 5 аэропорттун жолун салууга тапшырма берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM