Биз менен байланышыңыз

Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 15 Апр 2023 | 126 | 0

Кыргызгидромет борбору бир жумага карата өлкө аймагындагы аба ырайы боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда аптанын башында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Бишкек шаарында 15-18-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

19-20-апрелде күндүз жана түнкүсүн жаан жаайт.

Ал эми  21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда 15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-17-апрелдерде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 16-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусунда 15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде күндүз жана 17-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде жана 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 15-апрелде күндүз жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде күндүз жана 17-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жаан жаап, күн куркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусунда 16-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда 16-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-17 апрелдерде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM