Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым райондорунда 18-апрелде суу болбойт

Кыска кабар | 15 Апр 2023 | 245 | 0

Бишкектин айрым райондорунда 18-апрелде суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин «Батыш» суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт:

  • Алыкулов көчөсү – БЧК – Ала-Арча дарыясы — Л. Толстой көчөсү;
  • Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) – ЧЧК.

Ошондой эле «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер» жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичирайонунда дагы суу болбойт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM