Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Анкара – Бишкек багыты боюнча жаңы аба каттам ачылат

Кыска кабар | 15 Апр 2023 | 225 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту ААК AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу Анкара – Бишкек – Анкара багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачууну максат кылууда.

AnadoluJet авиакомпаниясы (лоукостер, Turkish Airlines компаниясына туунду) биринчи жолу Бишкек Анкара боюнча жумасына 4 жолу авиакаттам ачууну көздөөдө. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат.

Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылмакчы.

Аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM