Биз менен байланышыңыз

Май айынан тарта электр энергиянын баасы бир сом болот

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 720 | 0

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тарта калк үчүн электр энергиянын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Маалымат өкмөттүн сайтына 14-апрелде жарыяланды.

Документке ылайык, электр энергиясын 700 кВт саттан жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с.

Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт.

Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.

«Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн маалыматында, тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет, алардын 80%дан көбү эскирген абалда.

Copyright © 2017 Maral FM