Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 145 | 0

Кызыл-Кыя шаарында «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун жашыруун тобунун 4 жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандар конспирациялык негизде экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды өткөрүп, ДЭУнун мүчөлөрүнүн чогулуштарын ай сайын уюштуруп келишкен.

Кармалган жарандардын жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандагы экстремисттик адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталышы мүмкүн болгон электрондук жабдуулар табылып алынган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM