Биз менен байланышыңыз

Түптө 120 орундуу бала бакча ишке кирди

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 215 | 0

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал айылында 120 орундуу бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөгө Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн 900 сом, Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миң сом бөлүнгөн.

Бала бакчанын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, Жаныбек Кыдыкбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM