Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстан суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 230 | 0

Кыргызстан суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт жана «ар бир тамчы маанилүү» принцибинде иш алып барат. Биз Борбор Азиядагы уникалдуу мамлекеттердин бирибиз, ал жерде суу ресурстары толугу менен өзүбүздүн мөңгүлөрдөн түзүлөт. Дарыялардын орточо жылдык агымы 48,7 куб километрди түзөт. Бул факт менен биздин өлкө аймактык масштабда дарыя агымынын калыптануу зонасы болуп саналган мамлекеттердин катарына кирет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Американын Вашингтон шаарында суу тармагын өнүктүрүү боюнча тегерек столдо билдирди.

Ошондой эле, тегерек столдун жүрүшүндө таза сууга жеткиликтүүлүк, санитардык шарттарды жакшыртуу жана ирригациялык системаны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бул багытта Жапаров көпчүлүк өлкөлөрдө эскирген ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

«Биз өлкө калкын климаттын өзгөрүшүнүн таасирине даярдоо үчүн саясатыбызды, жоболорубузду жана институттарыбызды жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Быйыл 2040-жылга чейин Суу боюнча улуттук стратегия кабыл алынып, суу менен камсыздоо жана санитария жөнүндө мыйзамдар иштелип чыкты. Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууда энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу милдеттери жана суу ресурстарын үнөмдөөгө жана эффективдүү пайдаланууга өбөлгө түзгөн климаттык долбоорлоо стандарттары эске алынат», — деп жыйынтыктады Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM