Биз менен байланышыңыз

Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын айыл өкмөттөрү тажрыйба алмашты

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 238 | 0

Быйылкы жылдын 10-11-апрель күндөрү Чүй, Талас жана Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу иш чарасы өттү.

Анын алкагында Ысык-Көл, Түп жана Жети-Өгүз райондорунун айрым айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен таанышышты.

Иш-чара ЖӨБ Союзу тарабынан уюштурулуп, Швейцария Өкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбооруна катышкан Талас жана Чүйдүн райондорунун айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөрүлдү.

Тажрыйба алмашуу Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрүндө жергиликтүү кызматтарды уюштуруу жана туруктуулугу боюнча ишке ашкан мыкты долбоорлор менен таанышуу жана алардын тажрыйбасын үйрөнүү иретинде болду. Ошондой эле айыл өкмөт башчылары ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тууралуу суроо-жоопторду берүү менен эркин форматта пикир алмашышты.

Мындан сырткары катышуучулар бир топ мыкты тажрыйбалар менен таанышышты.

Иш-чара ЖӨБ Союзунун кызматкерлери, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын башчысы жана долбоордун өкүлү катышуусунда өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM