Биз менен байланышыңыз

Кооптуу аймактардан көчүрүлүүгө тийиш болгон 3780 үй-бүлө бар

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 165 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Жер көчкүлөрдүн алдын алуу чаралары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов тааныштырды.

Анын айтымында, жыл башынан бери Мониторинг жана божомолдоо департаменти тарабынан 438 изилдөө иштери аткарылып, анын 102си жер көчкү процесстерине байланыштуу болгон.

Бүгүнкү күндө эң коопту делип аныкталган жер көчкү тилкелери Өзгөн районундагы бешөө, Кара-Кулжа районунда үчөө, Алай районунда экөө, Аксы районунда үчөө жана Базар-Коргон районунда бирөө.

Кооптуу аймактардан көчүрүлүүгө тийиш болгон 3 780 үй-бүлө бар. Анын ичинен 1468и мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин албагандар. Бирок 2312си мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин алып көчпөгөндөр.

Кооптуу аймактарда жашаган жарандарды көчүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.

Мазарипов белгилегендей, башка аймакка көчкөн учурда деле мал чарбасына байланыштуу кайрадан кооптуу аймакка көчүп кетишет. Ошол эле учурда жаңы аймакка көчүрүп барууда инфраструктура маселеси толук чечилбей калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM