Connect with us

TechWomen бүтүрүүчүлөрү IT тармагындагы жетишкендиктерин көрсөтөт

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 227 | 0

21-апрелде Бишкекте «Кремний өрөөнүндөгү STEMдеги аялдар: Ийгиликтин ачкычы» деген темада иш-чара өтөт. Анда TechWomen программасынын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшөт. Бул тууралуу Accelerate Prosperity билдирди.

Ошондой эле иш-чарада стартаптарды тездетип өнүктүрүү форматындагы Accelerate Prosperity программасы көрсөтүлөт, анын алкагында 50 миң долларлык инвестиция тартууга болот.

Кошумчалай кетсек, TechWomen — Борбордук Азиядагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы STEM тармагында иштеген жана өздөрүнүн кыялдарын ишке ашырып жаткан аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү программасы. Долбоор АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу тарабынан демилгеленген. Катышуу үчүн катталуу керек.

Даярдаган: Айтурган Талантбекова

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM