Биз менен байланышыңыз

Инвестициялык агенттик Түркмөнстанга бизнес сапар уюштурат

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 199 | 0

Улуттук инвестиция агенттиги Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги менен биргеликте Ашхабад шаарына бизнес сапар уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Май айына мерчемделген бизнес сапардын максаты Кыргызстан менен Түркмөнстандын кызматташтыгын чыңдоо, ишкерлердин алака-байланыш түзүүсүнө көмөктөшүү болуп саналат.

Кыргызстандан негизинен IT-технология, туризм, жеңил өнөр жай, айыл чарба, медицина, курулуш, транспорт, мейманкана жана ресторан тармактарынын өкүлдөрү барат.

Иш-чаранын жүрүшүндө архитектура жана курулуш, IT-технология, эл аралык транспорт, маркетинг, консалтинг маселелери талкууланары мерчемделген.

Кызыккан ишкерлер агенттикке кайрылып, катталып койсо болот.

Даярдаган: Айтурган Талантбекова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM