Биз менен байланышыңыз

Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 179 | 0

Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев АРИС уюмунун эксперти Азамат Мукашевди жана «АгроВей» компаниясынын жетекчиси Кайыркүл Казылаеваны кабыл алган.

АРИС Баткен облусун өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган чоң программанын айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорун ишке ашырат.

Алгач AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына комплекстүү изилдөө жүргүзөт.

Баалоонун жыйынтыгы менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары тандалып, долбоор ишке ашат. Долбоордун алкагында 11 млн доллар Баткен облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Банк Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM