Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова бешинчи жолу Азия чемпиону аталды

Кыска кабар , Спорт | 12 Апр 2023 | 727 | 0

Казакстандын Астана шаарында шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утуп алды.

62 кг салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашы Дилфуза Аимбетованы көтөрүп чаап, далысын килемге басып утуп кеткен.

Жарым финалда япониялык Нонока Озока менен 2:2 эсебинде тең чыгып, Айсулуу Тыныбекова 2 упайды чогуу, ал эми жапон кыз бир-бирден бөлүп алганы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылган.

Финалда монголиялык  Орхон Пуревдоржду 9:4 эсебинде утуп, бешинчи ирет Азиянын чемпиону аталды.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси. Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу.

Эскерте кетсек, быйылкы биринчиликте Кыргызстандын балбан кыздары 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло байге алышты. Жалпы байге куржунда 4 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Эртеңден тарта эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат.

Copyright © 2017 Maral FM