Биз менен байланышыңыз

Президент Кыргызстанда туулган космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 248 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Эл аралык космонавтика күнүндө орусиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту.

Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А. Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Мамлекет башчысы Сергей Корсаковду кесиптик майрамы менен куттуктады жана мекендештерди ар тараптан колдоого жана дем берүүгө даяр экенин белгиледи.

«Албетте, азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздугуна суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм», — деп кошумчалады президент.

Өз кезегинде космонавт Сергей Корсаков президентке жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, ал үчүн туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу чоң сыймык экенин белгиледи.

«Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда билим алдым, мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», — деди космонавт.

Сергей Корсаков мамлекет башчысына 2022-жылдын 18-мартында «Союз МС-21» космостук кемеси тарабынан алып келинген жана 2022-жылдын 29-сентябрына чейин экспедицияны коштоп жүргөн, анын тумары болгонун тастыктаган, Эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Мындан тышкары космонавт Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөттөрүн тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM