Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 191 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Мамбетжунус Абылов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.

Буга чейин Мамбетжунус Абыловго оор операция жасалып, ооруканадан кайрадан абакка которулган болчу. Ал өнөкөт кан басымы оорусу менен жабыркайт, такай жогорку кан басым менен жүрөт.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча түзүлгөн комитеттин мүчөсү Мамбетжунус Абылов өткөн жылдын 27-октябрында камалган. Абыловго карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (массалык башаламандык уюштурууга даярдануу) менен иш козголгон.

Мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов өткөн жылдын 25-октябрында маалымат жыйын куруп, Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жыйынында бийликти басып алуу ниети болбогонун айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM