Биз менен байланышыңыз

Бүргөндүдөгү газ кампаны иштетүү боюнча кыргыз-өзбек жолугушуусу өттү

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 141 | 0

Кадамжай районунун Бүргөндү аймагындагы жер астында жайгашкан газ кампасын калыбына келтирүү, Өзбекстан менен биргелешип пайдалануу максатында кыргыз-өзбек мекемелер аралык жумушчу тобу 10-апрелде Кадамжай районунда жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуга кыргыз тараптан энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик мекемесинин директору Сүйүнтбек Аликеев баштаган жумушчу топ катышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын башында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапарында, эки өлкөнүнүн Энергетика министрликтери Кыргызстандын менчигинде турган газ кампаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн изилдөө, калыбына келтирүү долбоорун даярдоо боюнча документке кол коюшкан.

Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги жер астындагы газ кампа Кыргызстандын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик мекемесинин карамагында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM