13-мартта өрттөнүп кеткен Аксы районундагы оорукананын чатыры кайра жабылды.
Оорукананын директору Медербек Осмонов хирургиялык корпус кадимки режимде иштеп жатканын маалымдады.
Өрт чыккан күнү саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жерине барып, жагдай менен таанышкан.
Иш сапардан кайткандан кийин тиешелүү тараптарга кайрылып, оорукананын чатырын толук алмаштыруу үчүн бюджеттен 6 млн сом бөлдүрткөн.