Биз менен байланышыңыз

Ак-Ордодогу Марал Шараболотованын үйүн кайрымдуулук фонду курууда

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 134 | 0

Ак-Ордо конушунун жашоочусу Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлүп, катуу чуу жараткан. Жерине президент Садыр Жапаров да барып, конуштун тургундарынын абалы менен таанышып кайткан.

Мамлекет башчысы «Кабар» агенттигине берген маегинде Марал Шаболотованын үйү тууралуу кеп козгоп, турак жайды «Ас-Сафа» фонду салып жатканын билдирген.

«Мен барып көрүп кеткенден кийин «Соттогу маселелери чечилгенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киризип тургула», — деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү «Ас-Сафа» фондунун өкүлдөрү: «Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз»,- деп кайрылышкан экен. «Кудай жалгасын» дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп, «Ас-Сафа» фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум», — деген президент.

Учурда Марал Шараболотованын эски үйүнүн ордуна жаңы үй курулуп, курулуштун чыгымдарын «Ас-Сафа» фонду каржылоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM