Биз менен байланышыңыз

Орусия аскерге чакыруу алган жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 463 | 0

Орусия аскерге чакыруу алган жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салат. Бул тууралуу «Интерфакс» Мамлекеттик Думанын мыйзамдар базасында жарыяланган документке таянып жазды.

Учурда Орусиянын мамлекеттик Думасы Аскердик тизмени жакшыртуу боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатат. Сайтта жарыяланган документте «Аскерге чакыруу алган жана чакырыла тургандар тизмесиндеги жарандарга чакыруу колуна тийген күндөн тарта федералдык мыйзамдын  негизинде Орусия аймагынан чыгууга тыюу салынат», — деп айтылат. Мындай чектөө жаран аскер комиссариатына өзү келгенге чейин жарактуу болот.

Буга чейин «Агора» адам укуктарын коргоочу уюмунун жетекчиси Павел Чиков өзүнүн телеграм каналында Орусиянын кеминде 35 аймагында аскерге чакыруу кагаздары таратылып жатканы 15-мартта белгилүү болгонун айткан. Чиков «Бул азыр мобилизациянын экинчи толкуну эмес», — деп эсептейт. Ал азыр кеп болуп жаткан аскердик даярдыктан өтүү үчүн берилген чакырык кагаздары боюнча укуктук маселелер бар экенин белгилейт. «Мобилизация президенттин жарлыгы менен ишке ашат. Бирок азыр андай жарлык жок же жарыялана элек. Мындан улам, аскердик даярдык үчүн фронтко же аскердик окутууларга чакыруу мыйзамсыз болуп саналат», — деп кошумчалаган.

«Агора» адам укугун коргогон уюму аскерге чакыруу кагазын алгандарды өзүнүн ишеним телефонуна байланышка чыгууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM