Биз менен байланышыңыз

Бир күндө 1-класска 11 миң бала кабыл алынды

Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 157 | 0

Кыргызстанда 10-апрелден 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алуу мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу жүргүзүлдү.

11 миң баланын ичинен 119у жеңилдик менен, 10 миң 928 бала жеңилдиксиз кабыл алынды.

Жер-жерлер боюнча алганда:

Бишкек шаарында 2 миң 580 бала.
Жалал-Абад облусунда 1 миң 748 бала.
Чүй облусунда 1 миң 653 бала.
Ош облусунда 1 миң 529 бала.
Ысык-Көл облусунда 1 миң 316 бала.
Баткен облусунда 1 миң 287 бала.
Талас облусунда 406 бала.
Нарын облусунда 367 бала.
Ош шаарында 161 бала кабыл алынды.

2023-жылдын 10-апрелинен тарта баланы мамлекеттик же муниципалдык мектептин 1-классына ата-энесинин юридикалык катталган дареги боюнча, 26-июндан баштап дарегине карабай каалаган мектепте бош орундар бар болсо каттоого болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM