Биз менен байланышыңыз

12-апрелге карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 1057 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдык ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +19…+21 болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM