Биз менен байланышыңыз

Эки айда тышкы соода 1,7 млрд долларды түздү

Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 148 | 0

2023-жылдын январь-февралында Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 1,7 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган көрсөткүч 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 22,7 пайызга көбөйгөн, мында экспорттук жөнөтүүлөр 2,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27,2 пайызга өстү.

«2023-жылдын январь-февралында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 545,3 млн долларды түздү жана 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11,0 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 14,3 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 18,6 пайызга кыскарды», — деди ал.

Жумалиев 2023-жылдын январь-февралында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (61,6 пайыз) жана Казакстанга (35,5 пайыз) туура келгендигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM