Биз менен байланышыңыз

Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өтүүдө

Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 144 | 0

Баткен облусунун Кадамжай шаарында кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушууга Өзбекстандын Фергана жана Кыргызстандын Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

«Жолугушууга Фергана облусунан 76, Баткен облусунан 100 ишкер катышууда. Алгач ишкерлер ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр камтылган маалыматтар берилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул иш-чара 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында бекитилген Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда 2023-2025-жылдарга кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү комплекстүү программанын алкагында уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM