Биз менен байланышыңыз

Баткен: Жеке ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү

Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 418 | 0

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жеке ишкер Билал Идинов бош жаткан 66 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өздөштүргөн. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал жерге суу кампасын куруп, алма, өрүк, шабдаалы, павлония, жаңгак, бадам сыяктуу 11 көчөттүн түрүн отургузган. Ишкер жерди айыл өкмөтүнөн ижарага алып, жалпы 58миң көчөт тиккен. Бул демилгени «Ассафа» коомдук фонду колдоого алган.

Учурда 10 адам жумуш менен камсыз болгон. Ишкер Билал Идинов бул бактан жылына 50 млн сомго чейин киреше алса болорун айтат. Ал өткөн жылы 2 тонна алгачкы түшүмүн алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM