Connect with us

Окуучуларды электрондук каттоодогу мүчүлүштүктүктөр тууралуу министрлик түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 10 Апр 2023 | 249 | 0

1-класска бара турган окуучуларды электрондук каттоодогу мүчүлүштүктүктөр тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйында түшүндүрмө берди.

Билим берүү министрлигинин санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулунун айтымында, өткөн жылы секундасына 60 миңден ашуун адам бир убакытта катталууга аракет кылган учурда серверде көйгөйлөр катталган.

“Биздин электрондук каттоо системасы бир учурда миңдеген окуучуну тизмеге киргизе турган техникалык мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Эгер каттоо учурунда көйгөй жаралса, ата-энелер 5-10 мүнөт күтүп, андан кийин катталууну улантса болот», — деп билдирди министрликтин өкүлү.

Ошондой эле, учурда системаны иштеп чыгуучулар нөөмөттө туруп, мүчүлүштүктөрдү жоюп жатканын да кошумчалады.

Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап 10-апрелден 25-июнга чейин юридикалык жашаган жери боюнча, экинчи этап 26-июндан 31-августка чейин болот, жашаган жерине карабастан катталаа

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM