Биз менен байланышыңыз

Мектепке 1-класска электрондук каттоо башталды

Кыска кабар | 10 Апр 2023 | 339 | 0

Балдарды мектепке биринчи класска электрондук каттоо бүгүн, 10-апрелде башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап 10-апрелден 25-июнга чейин юридикалык жашаган жери боюнча, экинчи этап 26-июндан 31-августка чейин болот, жашаган жерине карабастан катталаа

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

Бүгүнтөн тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM