Биз менен байланышыңыз

Франциянын Альп тоолорунда кар көчкү түшүп, төрт адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2023 | 291 | 0

Кечээ, 9-апрелде Франциянын Альп тоолорунда кар көчкү түшүп, төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу AFP агенттиги жазды.

Франциянын Бонневил коммунасынын прокуратурасы берген маалыматка ылайык, кар көчкү 4 адамдын өмүрүн алып, дагы эки адам дайынсыз болууда. Ал эми 8 киши кар көчкүдөн качууга үлгүрүп, бир киши жаракат алган.

Учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда. Бул каргашалуу окуя боюнча француз президенти Эммануель Макрон Твиттерде билдирүү жасап, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM