Биз менен байланышыңыз

«Тойбосс» компаниясы Орусия билдирген маалыматка жооп берди

Кыска кабар | 9 Апр 2023 | 597 | 0

«Тойбосс» ишканасы колбасалардын ичинен чочконун ДНКсы табылды деген маалымат тууралуу билдирүү жасады.

Компания эч качан адал эмес этти колбасага колдонбогонун, мал союуда шарият мыйзамдары так сакталарына ишендирет.

«Биздин компания 5 жылдан бери башка мамлекеттерге колбаса азыктарын экспорттоп келет. Бүтүндөй өндүрүш линиясы жана даяр продукция халал стандарттарынын шайкештигине текшерилет. БАЭ, Катарда жана Турцияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан»- деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары ишкана 3 халал сертификаты бар экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM