Connect with us

Анталияда кыргызстандык 2 жаран жол кырсыгына кабылып, бири каза болду

Кыска кабар | 9 Апр 2023 | 536 | 0

Анталияда кыргызстандыктар 7-апрелден 8-апрелге караган түнү жол кырсыгына кабылганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бардык жагдайларды тактоо үчүн Башкы консулдуктун кызматкерлери Анталиядагы шаардык өлүкканага жана Кепез районунун мамлекеттик ооруканасына барышкан.

Туугандары тарабынан өздүгү такталып, жыйынтыгында каза болгондордун бири КР жараны 1993-жылы туулган Б.к.А.нын өздүгү такталды, ал эми экинчи жабырлануучу Д.А.нын моюн сөөгү сынып, көкүрөгүнөн жаракат алып ооруканага жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

«Учурда Башкы консулдук маркумдун жакын туугандары менен биргеликте Кыргызстанга «жүк-200дү» жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM