Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жарым млн сомдук бриллиант уурдоого шектүү кармалды

Кыска кабар | 8 Апр 2023 | 225 | 0

Бишкек шаарында уурулукка шектелип, 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, 5-апрелде А.С. аттуу жаран милицияга кайрылып, 3-апрелде түнкү саат 00:50 чамасында Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 90 миң сомдук «Самсунг Галакси Нот ультра» үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун, 210 миң сомун, 404 миң 890 сомдук якут бриллианттарын уурдалганын кабарлаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен иш козголуп, иликтөө башталган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө 2005-жылы туулган К.Э. аттуу кыз кылмышка шектүү катары кармалган.

Учурда кыздын башка да иштерге тиешеси бар же жогу иликтенип, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM