Биз менен байланышыңыз

Адамды аёосуз сабап, акча талап кылган УКТ мүчөсү кармалды (видео)

Кыска кабар | 8 Апр 2023 | 186 | 0

Адамды аёосуз сабап, акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү С.А.С. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кармалган адам апрель айында шериктери менен бирге Б.М.Х. аттуу жеке ишкерди Бишкектин четине алып чыгышып, физикалык күч колдонуп, темир буюм менен сабап, 350 миң сом таап берүүсүн талап кылышкан. Андан соң «акча таап бергиче күрөөдө турат» дешип, «Тойота Камри» унаасын айдап кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иш козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө С.А.С. акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, сурак берип жатат. Анын мындан башка иштерге тиешеси бар же жок экени иликтенип, шектүүнүн бул ишке катышы бар шериктери изделүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM