Биз менен байланышыңыз

Жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн 600 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 8 Апр 2023 | 356 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2023-жылдын эсебинен кант дибати жана жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн 600 млн сом бөлгөнүн маалымдады.

Бөлүнгөн акча дары-дармек, керектүү каражат, иммуносупрессор сыяктуу керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Айта кетсек, кант диабетин, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого керектүү каражаттарды алуу үчүн саламаттыкты сактоо уюмдары министрликке арыз менен кайрылышкан. Учурда каражаттарды сатып алууга тендер жарыяланды.

Маалым болгондой, ушул жылдын биринчи кварталында бирдиктүү төлөө тутумуна кирген саламаттыкты сактоо уюмдары жалпы 5 млрд 150 млн 393 миң сом, анын ичинде дары-дармек үчүн 448 млн 950 миң сом каржы алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM