Биз менен байланышыңыз

Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин экинчи китеби жарыкка чыгат

Кыска кабар | 8 Апр 2023 | 533 | 1

Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар төкмө, көп кырдуу талант ээси, маркум Элмирбек Иманалиевдин экинчи китеби басылып жатат. Бул тууралуу «Эл акыны Элмирбек» эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

«Булбулум, булбулум ай» аталышындагы бул жыйнакка залкар таланттын обондуу ырлары топтолуп, ар бир обондун нотасы жана Ютуб хостингиндеги жазмаларынын QR-коду кошо жайгаштырылган.

Автордун «Аманат» китебинен кийин жарыкка чыккан бул жыйнактын бет ачары 20-апрелде саат 15:00дө Кыргыз улуттук тарых музейинде өтөт.

Кечеде автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырларын аткарылат. Андан тышкары фойеде фото-сүрөт көргөзмө да уюштурулат.

1 пикир

1 пикир

  1. Изати

    09.04.2023 21:13

    Ишиңизге ийгилик каалайм!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM