Биз менен байланышыңыз

Апрель элдик революциясынын курмандыктары эскерилди

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 265 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерди.

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир кары Ракиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдер катышты.

2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окуп, эскеришти.

Бүгүн Апрель элдик революциясына 13 жыл болду. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Анда 100гө жакын киши набыт болгон. Ал эми 500дөн ашуун жаран ар кандай жаракат алган.

Акыры элдин күчү менен Ак үйдүн имараты алынып, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Төңкөрүштөн кийин Роза Отунбаева төрайымдык кылган Убактылуу Өкмөт түзүлгөн.

Кийинки мамлекет башчы болгон Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын декабрында 7-апрелди жаңы майрам – Элдик Апрель революциясынын күнү катары бекиткен.

2016-жылы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык Элдик Апрель революциясы күнү жумуш эмес күн деп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM