Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору четке кагылды

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 131 | 0

Жогорку Кеңеш 6-апрелдеги жыйынында «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, четке какты.

Демилгечилер «Альянс» фракциясынын депутаттары. Депутат Жанарбек Акаевдин айтымында, мыйзам долбоорунда борбор калаанын мэрин тикелей шайлоо институтун киргизүү сунушталды.

«Борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот», — деди Жанарбек Акаев.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо эмне берет?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM